5 страница30 апреля 2026, 00:32

****

Анда Кыргызстандын аймагында апийим айдалып, аты дүңгүрөп турган кези. Көп өтпөй Кемел областын даярдоо конторасына райондордон апийим кабыл алуучу контролер болуп орношуптур деп угуп калышты. Ошол боюнчаКемелди айылдаштары анда-санда айыл ичинде жамандык-жакшылык болгондо бир көрүпкалышпаса көрбөй да калышты. Кийин гана 70-жылдардын этегинде айылга эки кабаткелишкен үй салдырып көчүп келди. Жалаң даярдоо тармагында иштеп жүрүпден-соолугум болбой калды деп 60га чыкканда айылга келген экен. Колхоздунбашкармасы байлык десе байлыгы, байланыш десе байланышы бар Кемел ордумду алыпкоер бекен деп чоочулады эле андай болбоду. Өзү пенсияга чыккыча эрмек кылыпиштеп турайын деп колхоздун кампасын алды да мурдагы кампачыны өзүнө жардамчыкылып штат ачтырып койду. "Шеф өмүрү айлык маянасын албайт. Мен алам.Шабашкадан түшкөндүн гана өзүнө тийиштүү "кусогун" алат", - депжүрдү жардамчысы. Колхозчулар эки-үч айлап айлык ала албай кыйналып бараткандаКемел айлыктын акчасын берип койчу да кийин банктан акча келгенде бергенинкайра алчу. Муну башкарма, кассир үчөө гана билчү. Башка жан адамга ооздорунан чыгарбоогошерттешиптир. Ал да жогорудагы кандуу окуя болуп өткөндөн кийин чыгып отурат.Айылда Кемелге 10 сомдон 1000-2000 сомго чейин карыз болбогон адам калбасакерек. Өздөрү мүмкүнчүлүгү болуп бергенге чейин өмүрү басып барып биринен да"баягы карызымды" деп сурабаптыр.

Кемелди айылдаштары астынан кыя өтпөй сыйлап турушунун башкыдагы бир себеби "Акты-ак, караны-кара" деген калыстыгы. Кырсыктап,башына кыйынчылык келип тургандарга кылчактабай жардам бергендиги болгон экен.Өткөн кырсыкка айлык эли тикесинен-тике туруп чын дилден кайгырышты. Ал эмиКемелдин айылдан сырткаркы жүргөндөгү 40 жылга жакынкы өмүрү алар үчүн табышмакбоюнча кала берди.

х х х

Адам баласы жаралганда алгач өзүнө тамак табыш үчүн жанаөзүн-өзү коргош үчүн түрлүү куралдарды ойлоп таба башташкан. Бара-бара акыл эсиөнүккөн сайын адамдар жаратылыштын жырткыч жан-жаныбарларынан коргонуш үчүнэмес, адам адамдан коргонуш үчүн жана адам адамды коркутуш үчүн, түрлүүкуралдарды ойлоп чыгара башташты. Ошентип жүрүп отуруп адамдар өздөрү жашап турганжерди да быт-чытын чыгара жарып жиберүүчү кудурети бар атомдук куралдардычыгарууга жетишишти. Адамдын акыл-эсинин өсүшү менен адам адамды башкаруунунмыйзамы болгон мамлекет жана аны башкаруу тартиби дегенди ойлоп табышты.Мамлекет жана мамлекетти башкаруу ыкмалары доорлор өткөн сайын өнүгүп отурупадамды өзүн-өзүнө каршы кое алган коркунучтуу куралга айландырды
Жер бетиндеги эң коркунучтуу курал бул "адамкурал" болуп калды. Адамдардын бири-бирин баш ийдирүүгө, бири-бирин дыңдедиртпей өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө карата жүргүзүлгөн зордук мурда кантөгүүчү аламан согуштар аркылуу болсо, бара-бара опузалап коркутууга өтүп,жүрүп отуруп "акча согушуна" айланды. Маселен доллардын дүйнөлүкрынокту ээлеп алышы нечендеген мамлекеттердин экономикасын талкалады. Ошол элеучурда эбегейсиз ээликке умтулуп, дүйнөнүн жармысын ээлеп алган мененМонголияны гүлдөтө албаган Чынгызхандын жүрүшүндөгүдөй Американын өзүнүнайласын кетирип азыр дүйнө жүзүндө канча миллиард доллар бар жана анын канчасыжасалма экенин биле алгыс абалга жеткизип, экономикасынын түбүнүн бошойбаштаганынан белги бере баштады. Улам алдыга жутунган адамдын акыл-эси" компьютер согушуна" кирип келди.

Эң кызыктуусу: түгөнгүс көч сымал акыл-эстин асты"компьютер согушуна" жеткен менен арты баягы алгачкы "Жаа мененнайза согушунан" үзүлө албай созулду.

Адам жаралгандан берки эки күрөш айыгышып тытышкан кармашынулай берди. Бул кармаш бир жагы адам адамдын акыл-эсинин жетишкендиги мененбири-бирине зыян келтирбей жыргал жашоого умтулуу болсо, экинчиси айрымадамдардын күчтүү акыл-эсин пайдалануу менен экинчи бир адамдардын үстүнөнбийлик жүргүзүп, өзүнүн жыргалчылыгы үчүн иштетип, жыргап жашоого умтулууболду. Биринчилери адам жыргалчылыгы деп ойлоп чыгаргандарын дайыма экинчитоптогуларга уурдатып жиберип жатышкандыктарын билбей келишүүдө.

Гитлердин тилин алып Россияга келип, сазына чөгүп, суугунатоңгон карапайым дыйкан Ганска эмне жок. Урдум сени Сталин менен өзүң жекегечыгып мушташа бер. Мен 10 теше жеримди айдасам жанымды багам деп айта алганжок.

Россияны Гитлер басып алган күндө да Ганска эч нерсе артмакэмес. Бары бир баягы 10 теше жерин айдамак. Ошондой эле Чынгызханды ээрчипкөчүгү жооруп Балтика жээгине чейин барган койчу Монголго эч нерсе арткан эмес.Жаман атын жоор кылып, сөөгүн сүйрөп баягы эле кароосуз калган боз үйүнөбарган.

Жер үстүндөгү эң акыл-эстүү жанмын деген адам баласы ушулкезге чейин жеке өз алдынча ушундай жөнөкөй суроолордун да жообун бере албайт.Адамдын өз башына өзү ээ боло албай аргасыз мезгилдин талабына көнүп кор болгонучурлары сансыз.
Азият ордунан туруп шашпай күндөлүк көнүгүүлөрүн жазыпбүткөндөн кийин, эки жаш кызга бүт денесине жеңил массаж жасатты да ошол элекыздардын жардамы менен рахаттана сүт кошулган жылуу ваннага жуунду. Жеңилкийим кийип кабыл алуучу бөлмөгө чыкканында биринчи жардамчысы "Кызылкөз" чыдамсыздык менен күтүп туруптур.

- Жигиттер Сиздин тапшырманы так аткарып келишти, - дедикичине ийиле. Азият шашпай креслосуна барып отуруп жатып "Так аткарбайкөрүшсүнчү эгер эле жандан аша кечишпесе" , - деп ойлоп койду да

- Кана апкелчи, ал эмне деген шедевр экен. Шыпылдай баскан"Кызыл көз" эшик ачып башын ийкегенде чачын кыска алдырган, беликындырдай далысы кучак спорттук дене түзүлүшүндөгү жигит кирип келди даколундагы кара дипломатты Азияттын астындагы столдун үстүнө коюп туруп оозуначты.

Азияттын денеси дүр деп ордунан секирип кете сактады.Көздөрү алайып, тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Өңү купкуу болуп чекесиненмуздак тер чыга түштү. 3-4 секундада барып араң өзүнө келди. Дипломаттын ичиндекөздөрү кыпкызыл денесинен тири укмуштуу миңдеген түрлүү нурларды бөлүпчыгарган, типтирүү жылан, оозун ачып, алтын тилин соймоңдотуп тикчие тиктептурган эле.

Азият эсине келгендеги биринчи кыймылы "Кызыл көз"менен берки жигитке чыгып кеткиле деп жаңсаган белгиси болду. Өмүрүндө бирөөнүналдында коркконун же апкарыганын билгизбеген жаны азыркы абалын тигилердинкөрүп турганына намыстана түшкөн.

Жылан экөө тиктешип турушту. Жылан менен тиктешип турупАзият өзүнүн кыбырап жүргөн бир пенде экенине, жыландын андан алда канча күчтүүэкенине, ал аны бир тиктегенде эле арбап койгонуна түшүндү.

Карышкыр менен сайгакка вертолет менен аңчылык кылгандантажап эриккенде ООганстанга барып адамдарга аңчылык кылып бугун чыгарчу Азиятжыландын астында бүжүрөй түштү. Өзүн эсине келтириш үчүн дипломатты жабайын депсунган колдору көтөрүлбөй калтырап ордунан кыймылдаганга даремети жетпегендебуту менен сырттагы телохронителдерин чакырчу кнопканы басты.

Шып этип кирип келген "Кызылкөзгө" дипломатты жапдеген белги берди. Дипломат жабылгандан кийин чыгып кете бер деп колун шилтепкойду.

Канча шалдырап отурду ким билет. Биртопто барып ордунанкозголуп укмуш бир кымбат дүйнөсүн тапкансып дипломаттын сыртынан аяр сылады.
"Азият" кличкасы. Чыныгы аты ким, ал түгүл улуту кимэч ким так билбейт. СССР күчтүү кезинде коммунисттик партиянын идеологиясынбүткүл Азияга КГБнын күчү менен тымызын жайылтуучулардан башка көзүрүболгондуктан "Азият" аттуу жашыруун атка ээ болгон. УчурундаМосквадагы ээги түшкөн абышка менен да МВДнын, КГБнын көзүрлөрү менен дакаалаган учурунда көзмө-көз сүйлөшчү. Бүткүл Азия боюнча тордой жайылган атайынокуу жайларынан даярдыктан өткөн КГБнын тыңчыларынын башында турчу.

Туюу сезими күчтүүсүнөн жана тыңчылары аркылуу дүйнөлүк кабарлар менен дайыма тааныш болгондуктан СССР эртедир кечтир кыйраарын анысактап калууга мүмкүн болбой калганын, он беш жыл мурда билди да колундагы тармакты жеке кызыкчылыгынын багытына колдоно баштады. Өзү менен дайыма Москвадагы атайын мектептен даярдыктан өткөн 30 жигитти ала жүрчү. Бул жигиттер шефтин айтканын эч ойлонбой аткарууга жана туура же туура эмес деп талкуугаалбоого үйрөнгөн чыныгы жандуу роботтор болчу.

Бул жигиттер эч убакта байлык, дүйнө, өзүнүн жеке кызыкчылыгы, келечеги жөнүндө ойлонушчу эмес. Алар үчүн шефтин сөзү ыйык, дыңдебей так аткарыш парз, керек болсо жанды бериш керек деген гана принципжашоочу.

Мына ушундай жигиттердин төртөө барып "Бриллиант жыланды" алып келишти. Алып келген төртөө жана Азияттын канча бир жылданбери жанынан чыкпай керек десе жүрөгүн окко тосууга даяр жигити"Кызылкөз" да көрүп коюшкандыктары үчүн эле "бриллиант жылан" жандарын соруп койгонун билишпеди. Болгону бир гана түндө жок болуп кислотага ээрип кетишти. Алардын орундарын башкалар ээледи.

5 страница30 апреля 2026, 00:32

Комментарии

0 / 5000 символов

Форматирование: **жирный**, *курсив*, `код`, списки (- / 1.), ссылки [текст](https://…) и обычные https://… в тексте.

Пока нет комментариев. Будьте первым!