4 страница30 апреля 2026, 00:32

***

Кемел аскерде Балтика флотундагы деңиз десанттык бөлүгүндөкызмат өтөдү. Ал кезде аскердегилер үч жыл кызмат өтөөчү. Кызмат өтөп жүрүпбүткүл деңиз флотунун бокс боюнча өткөрүлгөн чемпионатында атаандаштарын жалаңнокауд менен жеңип чемпион болду. Кемелдин күч-кубатына дене түзүлүшүнө кызыгыпкалышкан машыктыруучулар аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин Москвада калыпмашыгуусун улантуусун сунуш кылышты. Кемел буга макул болду, болгону төрөлгөнжерине сагынган айылына эки айча барып ата-энеси менен учурашып келүүнү өтүндү.Тагдыр аны айылда эмне кызыгы менен күтүп турганын кайдан билди. Армияданкелип, болгондо да "морская десантная" бөлүгүндө кызмат өтөп, анысыаз келгенсип чемпион болуп жердештерине жетишкен ийгиликтерин кантип далилдөөнүбилбей, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган жигиттин "бактысына" бир күнү айылга артисттер келгенде коңшу айылдын жигиттери менен мушташакетишпейби, мына ошондо Кемелдин көргөзгөн оюнун жердештери ондогон жылдарайтып жүрүштү го. Бир бирден гана муштап айылдын менмин деген зөөкүрлөрүн торойтоберген. Үчөөнүн ээги сынып, бешөөнүн кабыргасы сынган. Каргаша болуп бирөөсүнүнбоору катуу соккудан эзилип кетип ордунда жан берген. Ичиндеги арак ого бетержээликтирген Кекең ошо түнү отузга жакын жигитти эч кимге баш бербей өзү жалгызсабаган. Турмуш босогосун жаңы аттайм деп турган жигит ушинтип 14 жылга катуурежимге кесилип, Сибирге кете берди. Кийин Москвадан машыктыруучусу артынаниздеп келип, Кемел менен кошо келип жанында жүрүп алып кетпегенин арман кылыпдүйнө бокстун укмуштай бир чемпионунан айрылды деп ыйлаган дешет.

Кемелдин өмүрү өз айылынан күнчөлүк алыс чыгып көрбөгөнкарапайым ата-энеси ыйлап-сыктап кат күткөндөн башка аргалары калбай калаберишкен. Арадан жылга жакын убакыт өтсө да дайны билинбеген Кемелден бир күнүкат келди. Кыскача гана түрмөдө жатат деген эле аты болбосо жашоосу аябай жакшыэкенин; анткени бүткүл Сибир боюнча түрмөлөрдүн ички кожоюну болгон адамгабиринчи коргоочу (телохронитель) экенин жазыптыр. Андан кийин бир жылда бир жеэки амандыгын билгизген каттар келип турду. Күндөрдүн бир күнүндө он төрт жылгакесилген жигит шып этип үйгө кирип келди. Болгону арадан беш жылча өткөн.Чиштей кийинген. Мингени "Победа" машинасы. Анда райкомдор да мындаймашинага жете элек болчу. Келери менен баягы өлгөн баланын үйүнө барып куранокутту да атасы-энеси менен жеке өзүнчө сүйлөштү. Эмне сөз болгонун эч кимбилбейт. Болгону начар турмушта турушкан немелер кийин үй салып мал-жан күтүпоңолуп кетишти. Эл арасында балаңардын куну деп Кемел көп акча бериптир,ошондон булар байып кетишти. Кейпи киши өлтүргөн кылмышкер өз мөөнөтүнөн мурдабошону келип калды деп арызданбасын десе керек деген күбүр-шыбыр ушак жүргөнүболбосо ачык сөз болгон жок. Кемелдин табышмактуу жүргөн турганы алыскыСибирдин түрмөсүндө отуруп келиши карапайым айылдыктар үчүн жүрөк үшүткөн ишэле

4 страница30 апреля 2026, 00:32

Комментарии

0 / 5000 символов

Форматирование: **жирный**, *курсив*, `код`, списки (- / 1.), ссылки [текст](https://…) и обычные https://… в тексте.

Пока нет комментариев. Будьте первым!