**
Бир үй-бүлөөнү бүтүндөй кырып кетишти. Кылмышкерлер түнкатып келишкен да дарбазаны ачканда эле торпоктой болгон эки ажаан итти торойтоатышкан. Кейпи дарбаза менен деле киришпесе керек. Чыкканда гана эч шашпай өзүйүнөн чыккансып эшиктен чыгып кетишкен окшойт. Эки жарым метирче келгендубалдан мышыктай гана секирип өтүшкөн окшойт. Дабышты илгиртпей сезген ажаан иттердинбири уясынан белчесине чейин чыгып жан берген. Ок так эки көздүн ортосунакадала түшкөн. Экинчиси үйдүн эшик алдынан үч кадамча алысыраакта көмөлөнгөн. Бир ок кулак түбүнө, экинчиси туура жүрөгүнө кадалган. Бул байкуш деле иттикмилдетин аткарып катуу добуш чыгара үрүп ээсин ойготууга үлгүрбөсө керек. Үйдүнэшигин кантип ачкандары табышмак. Ачкыч менен ачкансып үйгө дабышсыз кирген.Анткени үйдүн ээси эртедир кечтир ушундай мыкаачы "коноктордун" келээрин күткөн болсо керек. Көмкөрөсүнөн жаткан боюнча кежигесин ок жарыпөлгөн. Жаздыгынын астындагы дайыма колунан чыгарбай мыжып жатчу"Макаров" маркасындагы пистолетин кыймылдатканга да жарабаган. Жаткантөшөгүнүн астындагы затвору тартылып машаны атууга даярдап койгон Калашниковавтоматы да да ушул ойду ырастап турат.
Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келип, үйлөнгөн уулунунтөшөгүнүн астынан да октолуу Калашников табылган. Кылмышкерлер адамды чымчыкаткандай да көрбөгөн, машыккан кара мүртөздөр экен махабатка батып жаткан экижаштын ордунан козголууга да үлгүртпөгөн. Жаш келинди чекеге, жигитти кежигегебаскан. Ошентип экөө ысык жыргаалга баткан боюнча кучакташып гана тиги дүйнөгөкете беришкен. Бүтүрүүчү класста окуп жүргөн кызы гана өз бөлмөсүнүн эшигининалдында жүрөгүн мыкчып кулаган. Канжар урулган экен. Кейпи дабыш угуп эшиккечыгууга бет алса керек. Үйдүн ээсинин небереси болгон үч жашар баланы дааяшпаган. Наристе түшүндө мылжыйып күлгөн боюнча үзүлгөн. Ок так кекиртегинетийип моюн омурткасын талкалап кеткен. Кыйнагандан жалгыз гана үйдүн ээсининаялын кыйнашкан. Эки кабат үйдүн ичи, үчүнчү кабат болгон үйдүн астынкы подвалыбүт тозоңу чыга чачылган. Элүүгө жашы таяп калса да бой келбети келишкен сулууаялдын алгач бир эмчегин кескен. Жан жеринин эки жагын балтырына чейин тилипташташкан. Кыйноого чыдабай жанталашкан аял жанталашып үйдүн ар жерине катылганбүт байлыкты кылмышкерлердин астына чачкан. СССР али кулай элек рубльдин күчүкете элек, бир рубль бир долларга барабар кез эле. Үйдүн ичинде толтурачачылган акчалар. Үйдү текшерүүгө келген милициялар чөнтөктөрүнө батышынчасолоп алгандан кийинкиси жарым миллион болгон же ошол кездеги эң мыкты дегенГАЗ-24 "Волга" машинасынан 50 даананы сатып алуучу акча эле. Үйүлгөналтын шакек, сөйкө, эски алтын тыйындардын, кымбат таштардын баасы бир миллионрублга чукулдаган. Кылмышкерлер ушунча байлыкты буттары менен тебелеп чачыпкеткендигине караганда алар тоноочулар эмес. Үйдөгү аялзатынын бирөө дазордукталбаган демек зордоп, кордоочулар да эмес. Запкы тарткан үйдүн шаардаокуп жүрүп аман калган уулун алып келип атасынын дүйнөсүн чачып көрсөтүп, эмнежоголгонун айтып бере аласыңбы дегенде, кайгынын уусуна чөккөн жаш жигитатасынын эмне дүйнөсүн, канча акчасы бар экенин так билбегенин жана атасы эчубакта уулуна дүйнөсүн көрсөтпөгөнүн мойнуна алуу менен бир гана эстегеникичине чагында, караңгыда күйүп турган тирүү жыландай болгон кымбат асыл таштанжасалган укмуштуу жылан көргөнүн жана ошол жылан эсепсиз чачылган дүйнөнүничинде жок экенин айтканы болду.
Кылмыш райондун анча алыс эмес жайгашкан чакан айылда болупөттү. Республика дүңгүрөй түшкөнү менен кылмышкерлер кумга сиңген суудайдайынсыз болушту. Ээлеген ордунан корккон бийлик башындагылар ишти жап-жапкылып унуткаргыча шашышса, колдорунан эч нерсе келбесин билишкен ички иштерорганы менен прокуратуранын кызматкерлери ийин куушуруп гана отуруп калышты.Эксперттердин жыйынтыгына караганда кылмыш түнкү саат 12-1лерде болуп өткөн.Ички иштер бөлүмү менен прокуратура эртең мененки саат 10дордо араң кылмышболгон жерге келишкен. 9 сааттын ичинде кылмышкерлер туура Ташкентте жеАлматыда жүрүшмөк. Эгер ошончолук алыс кетүүнү кааласа. Кылмыш болуп өткөнайылдын эли асты кийин мындай укмушту угушпагандыктан жүрөктөрү түшүп үрпөйүшүпболгон окуя жөнүндө бирөөгө укканын айткандан качып калышты. Анткени болгонкылмыш иши жөнүндө ким түрлүү кеп таратса атылат экен же муунтуп өлтүрүлөт экендеген ушак айылга тарап кетти. Көп өтпөй айылдан бир жигит мас болуп муунупөлдү эле анын өлүмүнүн себебин да айылдыктар ушул окуяга байланыштырышыпооздоруна кум куйгандай сүйлөгүс болушту. Ал түгүл участкалык милиционер даден-соолугун шылтоолоп жумушун таштап келген жагына көчө качты. Кылмыштын өзөгүболсо тээ алыскы-алыскы жылдарда үйдүн ээси отузга чыгып оттой күйүп турган 30жыл мурдата жаткан.
