2 страница30 апреля 2026, 00:32

*

болуп кетүү коркунучу да бар.

Күнөөсүз жерден жыландын сырын билет имишсиң, айт депнечендер зынданда, үңкүрдө чирип өлүп, кынйоонун адам укпаган түрлөрүнкөрүшкөн. Жылан жөнүндө каңырыш угуп калып "Мен билем" деп мактанакоем деп тилинин азабынан өмүрү менен коштошкондор ушул кезге чейин канчаболгонун бир жараткандан башка эч ким билбес.

х х х

СССР деген империя тирүү мезгилинде, КПСС бүт бийликтиуучунда мыкчып, өлкөдө темирдей тартип бардай туюлчу. Бул сырткы көрүнүшү эле.Чындыгында темирдей тартип карапайым эл үчүн болгону менен бийликбашындагылардын жана жашыруун түрдө болсо да эбегейсиз байлыкка ээлердин уюшканкылмыштуу иштери чегинен ашып бир учурда бийик идеяга фонотикалык түрдөберилгендер түзүшкөн коммунисттик коом ичинен чирий баштаган болчу. Раккаайланган бул коомдук чирүүнү эч ким токтото алмак эмес. СССР менен тирешипкелаткан капиталисттик системадагы мамлекеттер коммунисттик коомдун ичиненчиришине ого бетер көмөктөшүп каражат дегенди аяшпай түрлүү жолдор менен"оорунун микробдорунун" көбөйүшүнө шарт түзүү үчүн жан үрөп иштешкен.Мындай кыйраткыч күчтүн башында ЦРУ турганы СССР таш-талканы чыгып, кыйраганданкийин гана белгилүү боло баштады. СССР кыйрады. Тилекке каршы капиталисттик иридержавалар күткөндөй болбой экономикалык өнүгүүдө атаандашуу жоголуп, саны көпсапатсыз товар чыгаруу кризиси башталып кетти. СССРдин чек аралары ачылаарыменен сырье түрүндөгү эбегейсиз зор байлык болгон товарлар сыртка ташылып,кайра ичкериге арзан баа менен өндүрүлгөн сапатсыз товарлар ага баштады.Кылмыштуулук дүйнөлүк деңгээлде күч алып, коомдук түзүлүштөгү бийликтин башындаотургандардан бери чырмап мыйзамдуулукту сактоо "демократиянынүлгүсү" деген мамлекеттерде да одоно бузулушу көнүмүшкө айлана баштады.СССРди ичинен чириткен "рак" оорусунун микробдору дүйнөдөгү бардыкмамлекеттерге чачылып жайылып кеткени жана мунун түбү кайда алпараары айрым биркоомдук өнүгүштү изилдеген окумуштууларга гана белгилүү болбосо;бийликтегилердин мындай "ооруга" көңүл бөлүүгө "убактылары" да жок эле. СССРдин кыйрашы менен, эл жер үчүн патриоттуулук, Ата Мекендисүйүү, атуулдук ыйман деген адамзатындагы буга чейин эч жерде жазылбаса да, арбир адамдын ички дүйнөсүндө жашаган рух өлүп, жеке баюууга жулууну, дүйнөгөтойбоо оорусу күч алды. Бул өзгөчө бийлик башындагыларды катуу чырмады. Балкимчын эле адамзат үчүн акыр заман жакындап келаткандыр. Адам баласы ушул кезгечейин түзүп жана жашап келаткан коомдук түзүлүш дүйнөлүк деңгээлде башынанчирүүгө туш болду. "Балык башынан чирисе, куйругунан тазалайт" дейт.Коом кандай жол менен өзүн-өзү дарылап бүткүл дүйнөлүк адамзаттын башына түшкөнмүшкүлдүү оорудан айыгып кетет азырынча табышмак.

Мыйзам карапайым калк үчүн гана мыйзам, ал эми бийликбашындагылар үчүн же эбегейсиз байлыкка ээлер үчүн "жетелеген төө"экени улам ачык белгилүү болгон сайын коомдун ичиндеги психологиялык абалкурчуп ачып-кычый баштайт. Мындай кубулуш эртедир-кечтир дүйнөлүк жарылуугаалып келет. "Адамзаттын башына түшкөн мүшкүл" деп жатканыбыз ушул.

Дүйнөлүк эки карама-каршы (коммунисттик жана империалисттик)системанын жашап турушу коомду өзүн-өзү дарылоого чоң таасир берип, жалпыадамзаттын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып, мыйзамдуулуктун сакталышына өбөлгөтүзгөнү СССР кыйрагандан кийин гана белгилүү болуп отурат. Жашоо-тиричиликтинкарама- каршылыгы күчөгөн менен иши жок жер өз угу менен айланып мезгил жылып ХХкылым аяктап келатты. ХХI кылым адам баласына эмне тартуулайт али астыдагытабышмак. Балким бүткүл адамзаттын келечек тагдырынын сырын жыландын ичинекатылган ачкыч ачуучу кулпунун ачылышы чечээр.

2 страница30 апреля 2026, 00:32

Комментарии

0 / 5000 символов

Форматирование: **жирный**, *курсив*, `код`, списки (- / 1.), ссылки [текст](https://…) и обычные https://… в тексте.

Пока нет комментариев. Будьте первым!