1 страница30 апреля 2026, 00:32

Бриллиант жылан

Чолпонбек Абыке уулу

Бриллиант жылан

(Чыгыш детективи)

Узундугу 37 см, жоондугу 7 см келген жыланды өтө баалууизумруд, бриллиант таштарды алтынга чөгөрүп, өзөгүн түзгөн алтын чынжыргабайлаштырып, бир эле ташына колуң тийсе тирүүчө койкоңдой баш көтөрө калып оозуачылып, алтын тили соймоңдосо мунун өлүү экенине ишенген адамдын да жүрөгүнсолк дедиргендей чеберчилик менен кайсыл кылымда кандай уста жасаганы эч кимгебелгисиз. 

Үстү көгүш каралжын, оозунун тегереги саргыч, көзү кызылбриллианттан, төбөсүндө көк бриллиант алтын таажы, боору ак түстөгү изумруд,акак таштардан, куйругунун учу чулу келип тоголок бармак сымал карабриллианттан турат. Бир оролуп келип башын куйругуна жаздап жатса кадимки тирүүжыландын өзү. Мунун баалуу экенин мындан бил, чакан караңгы бөлмөнү өзү шамчажарык кылууга жарайт.

Бриллиант жыландын чыныгы баасын эч ким билбейт. Балким бирэле ташы бир нече миллион доллар турушу мүмкүн. Оозунан алтын тили чыккандакармап тартса ичинен алтын чынжырга байланган узундугу 7 см. алтын ачкыч чыгат.Бул эмненин ачкычы? Татаал түйүн ушул жерде жатат.

Кылымдан кылым карытып колдон колго өтүп келатса да жылан эчубакта анын бир асыл ташын чыгарып алып, сатып акчага айландыргысы келгендердинколуна тийген эмес. Жыланды кармагандар жалаң акча, байлык тартыштыгы эмнеэкенин билбеген дүйнөсү эсепсиз байлар болгон. Ошондуктан жыландын кыпындайтүсү өзгөрбөй, кемибей мамыкка оролуп катылып келатат. Жыланга ээ болгондордунбаары анын ичине каткан ачкычтын сырын чечкиси келишет. Ушунчалык баасы эсепсиз"кынга" салынган ачкыч ачуучу кулпу кимди кызыктырбайт дейсиң.

Жылан канчалаган өмүрлөрдү сорду. Канчалаган баштар учуп,бей күнөө кандар төгүлдү, эч ким эсебин чыгарып айтып бере албайт.

Жыланды колуна кармап көрүп катып алып жүргөн адамдарсаналуу гана болгону менен өмүрү жыланды көрбөй, кандай экенин билбей турупсыртынан тон бычып, жыланга жетиш үчүн кан төгүшкөндөр канча. Бул канкоркачанка чейин дагы жан сормолугун уланта бермекчи.

Жогоруда айткандай жыланды колуна кармагандар байлыгынынэсебин так билбегендер болсо жыландын оозундагы ачкычтын сырын билгендеркүнүмдүк курсак тойгузаар токоч тапса кубанган кембагалдар болушту. Канча биркылымдан бери жыландын сырын билгендер жыланды издесе жыланды кармап жүргөндөранын сырын чечип берүүчүлөрдү издешет. Эки тарап ушунча болуп кезигише албайкелет. Кан төгүү, бири-биринин астын бөгөп жолдон адаштыруу жыланды кармапжүргөндөр тарабында эле эмес. А анын сырын билгендер да тарапта күчтүү.Жыландын сырын билгендер Улуу Сырдын жалгыз ээси болуп калыш үчүн, жыланды издөөдөнмурда атаандаш адамдарын издеп дербиш болуп келишкен. Жолугушкан жерде аөосузкармаш болуп өлүм же жеңиш деген гана максат болгон.

Жыландын оозундагы ачкыч ачуучу кулпунун сырын жазып туруп,1-2 беттен кийин 5-6 бет кылып өзүнчө, ортосундагы 3-4 беттен кийин 7-8 беткылып өзүнчө жүз баракты тепе-тең экиге 50дөн бөлүп таштаган эки кийиз китепканча кылым өтсө да бириге албады. Качан биригери али да белгисиз. Кийизкитепте жазылган дейт, "Дүйнөдөгү жашаган адам баласынын жок эле дегендеондон бири чыныгы адамдык касиетке ээ болуп, тазаланганда эки бөлүнгөн китепбиригип жылан менен табышат", - деп, китептин биринин сыртына жыландын башжагы экинчисине куйрук жагы түшүрүлгөн. Китептин маанисин эч ким ушул кезгечейин толук окуган эмес. Жарымысын бөлөк-бөлөк жаттап окугандар укумдан-тукумгаже жалгыздан-жалгызга мураска өткөргөн бирден гана адамдар болгондуктан дүйнөдөэгер болсо экөө. Жок болуп кетүү коркунучу да бар.

Күнөөсүз жерден жыландын сырын билет имишсиң, айт депнечендер зынданда, үңкүрдө чирип өлүп, кынйоонун адам укпаган түрлөрүнкөрүшкөн. Жылан жөнүндө каңырыш угуп калып "Мен билем" деп мактанакоем деп тилинин азабынан өмүрү менен коштошкондор ушул кезге чейин канчаболгонун бир жараткандан башка эч ким билбес.

1 страница30 апреля 2026, 00:32

Комментарии

0 / 5000 символов

Форматирование: **жирный**, *курсив*, `код`, списки (- / 1.), ссылки [текст](https://…) и обычные https://… в тексте.

Пока нет комментариев. Будьте первым!