6 страница30 апреля 2026, 00:32

*****

Жети миң доллар... 7 миң... Муну күткөн эмес. Мынчалыкбайлыкка "Сокур ит бок жалагыча" ээ боло калам деп ойлобогон.Эски одеял жабылган кроваттын үстүндө сулк жатты. Баш жагындагы төрт бурч жыгачотургучтун үстүндө жалаң 50-100 долларлык жашыл купюрлар чачылып жаттат. Эсинжоготуп койду. Эмне кылаар айласын таппай алактап башы иштебей калгандай болду.Ошондо окутуучусу Кадыр атанын насааттары эсине түштү. Кадыр ата көп айтуучукүтүүсүз колуна тийген дүйнөдөн адамды ач көздүк сезими башкарып, эс-акылынжоготуп адамкерчиликтен кетет. Эмоцияга алдырган маалда жасалган иштин баарыайланып келип өз башыңа муш болот. Туура жасап жатам деп ойлойсуң, бирок аягытуура болбой чыгат. Ошондуктан мындай учурда өз акыл-эсиңди, кан айланууңдукалыбына келтириш үчүн көздү жуумп эч нерсе ойлобогонго аракет кылып сулк жатышкерек. Ойлосоң балалык кездериңдеги кызыктуу күндөрүңдү гана ойло. Мындаймээдеги "жарылууну" (эмоцияны) калыбына келтириш үчүн сулк жатуу"мээдеги жарылуунун" күчүнө жараша 2 саат тан 8 саат ка чейинсозулат. Андан соң туруп алып күндөлүк турмушуң менен алаксып баягы"байлыгыңды" такыр унутуп койгонсуп көңүл да бөлбөй 2 күндөн 5 күнгөчейин жөн гана жүрүшүң керек. Мына ушул өзүңдү калыптандыруу ыкмаларынан өткөнсоң күтүүсүз табылган чоң дүйнө ал канчалык баалуу болбосун акылдан адаштыруукасиетинен айрылып күнүмдүк тиричиликке керектөөчү каражатка айланат. Дагы бирэстен эч убакта чыгарбоочу нуска, ашказанга таттуу тамактарды шыкай берсеиштебей, ич өтүп, күптү болуп, кусуп калган өңдүү керектөөнү да кичинеден ченемменен баштап урунбасаң күптү кылып кустурат, - деп кулагына кумдай куйчу.

Окутуучусунун ар бир насаатын дайыма эсинен чыгарбайайтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарып көнгөн Мыкын сулк жатыпкалганы ошол. Сулк жаткан калыбында уктап кеткен экен ойгонуп саатын карасаэртең мененки тогуз болуп калыптыр. Ордунан туруп эшикке чыгып келди да тарбөлмөдө адаттагы денесин машыктырган көнүгүүлөрүн шашпай дыкат жасады. Ананбарып отургучтун үстүндөгү жашыл купюрларды чогултуп, кроваттын астында жатканэски сумкасынын ичине жүз аарчыга ороп салып койду, бирөөнү да алган жок. Алуужөнүндө ойлобошко аракет кылды. Үйгө эски спортивкаларын чечип, жынсы шымыменен курткасын кийди да көчөгө жөнөдү. Эшигин кулпулап дарбазадан чыгайын депжатса квартирасынын кожоюну чыга калып кыйкырып калды.

- Мики квартира акысын качан төлөйсүң? (Мыкы дегенге тиликелбей Мики дечү).

- Саламатсызбы атаке! 

- Атаке дегениң го жакшы. Квартира акысын да төлөшүң керек,уулум. Болбосо бошот. Убактың болсо өтүп баратат. Бир күнү төлөй албайм депкойсоң, мен сенин штаныңды чечип аламбы. - Көзүн үлүрөйтө Мыкынын бутундагыэски ботос менен өңү өчкөн жынсысын карап, - штаныңдын кимге кереги бар. Бекерберсең да албайт.

- Эки күн чыда атаке бүгүнкү күнгө ишемби, шейшемби күнгөчейин акча колуңузда болот.

- Эгер болбой калсачы? 

- Жаман сумкамды көтөрүп чыга берем.

- Болду, эркектик акыркы сөзүң Мики. Башка узарта албайм.Ансыз да айдын он күнү өтүп кете турган болду.

Кожоюн чал жер төлөсүнүн квартира акысын дайыма ай сайынастына- ала алып турчу. Антпесе болобу. Өзү айткандай жаман сумкасында болсо бирже эки сыйра кийиминен башка эч нерсеси жок. Мыкыга окшогондор эртең төлөйалбайм деп баса берсе чын эле штанын чечип алабы.

Мыкы чөнтөгүн сыйпаласа кече кечте тамактангандан арткан онбеш сомдон ашык акчасы бар экен. Демек курсагын тойгузса болот. Автобуска түшүптүз Ош базарына келди да тамактанып алгандан кийин оптом товар саткан кырканыаралай Салкынды издеп жөнөдү. Салкын экөө айылдаш. Өзүнөн беш жашча улуу келин,жолдошу экөө ажырашып кеткен. Ушул базарда эки жылдан бери оптом товар сатыпоокат кылат. Мына Салкынга жардамдашып иштейт. Товарды Салкын жоопкер болупалат да кечке экөөлөп сатышат. Түшкөн пайызынын 60 проценти Салкындыкы 40пайызы - Мыкыныкы. Мындайда көмөктөшөт бири-бирине ишениши, алдашпашы керек. Мыкынынчынчыл экенине ишенип калган Салкын көмөктөшүп иштөөгө макул болгон.

Канткен менен экөөлөп иштеген жакшы экен. Товарды да сатыккатүрлөп көбүрөөк алсаң болот. Уурдатпай карап турганыңа да жакшы. Бириң соодагаалаксыганда, экинчиң карап турасың. 
Мыкы таң атпай кыжы-кыйма болгон элден түртүшүп отурупСалкын отурган жерге келди. Салкындын кабагы суз экен. Алган товары да аз.

- Саламатсызбы эже. Кабагыңыз суз го.

- Бүгүн иш жакшы эмес.

- Эмне болду?

- Көз ымдап өзүнө жакын чакырды да үнүн пас чыгарып: 

- "Шефти" тоноп кетиптир. (Оптом сатууга товарберип турчу фирманын кожоюнун "шеф" деп коюшчу). Бул товарларды башкафирмадан алып келдим. Мени көп жакшы таанышпайт да. Аз беришти. Бир жолдошкелиним ортого түшпөсө такыр беришмек эмес.

- Шефиңизди кимдер тоноптур? Телохранителдери бар дечү эмесбелеңиз? 

- Килейген үч телеохронителдерин жаткыра чаап 10 миңдоллардан ашык акчасын алып кетиптир деп жатышат. Кейпи беш алты киши кол салсакерек. Толтура милиция. Фирманы жаап коюптур.

- Шефиңиз тирүү бекен?

- Тирүү. Эч кимиси эч нерсе болбоптур. Эстерин оодара чааптуруп алып кетсе керек. Балким дары чачкандыр. Деги белгисиз. 

- Товар аз болсо мен башка жумуш караштырбаймбы? 

- Жок. Тура бер. Кудайдын буюрганын көрөбүз. Жумуш элетабыла калат дейсиңби. Бир жумача честный иштесек бул фирма деле товарынкөбөйтүп бере баштайт. 

х х х

Азим жумушка келери менен коңшулаш райондун кылмышкерлердииздөө бөлүмүнүн начальниги телефон чалды.

- Старик жардамыңыз керек болуп жатат. Түндө үйүңө телефончалсам жок экенсиң. 

- Анчалык эмне болуп кетти.

- Жакшы иш эмес. Таң аткыча уйку бетин көргөн жокмун. Биздинаймакта өзүң деле билсең керек "Жанар" деген белгилүү коммерциялыкфирма бар эмеспи. Ошол фирманын кожоюнун тоноп кетиптир. Өзү 15 миң доллар депжатат чындыгы 10 миңдин тегерегинде болсо керек.

- Тоносо тоноптур да. Суунуку сууга. Ага эмне мынчакайгырдың. 

- Кеп анын кылмышкерлер дүйнөсү менен да бийликтегилердинжогор жактагылары менен да байланышы күчтүү экендигинде болуп жатат. Таң атпайминистрликтен бири телефон чалып ийди.

- Ошондой де?

- Катардагы фирмач болсо баш оорутуп эмне кылам.

- Кылмышкерлер жөнүндө жыт барбы?

- Чынымды айтсам колго илинерлик эч нерсе жок.

- Кандай мотивде болуптур? 

- Эки телохранители менен үйүнө кирип баратканда эстериноодара уруп долларды чөнтөгүнөн сууруп кеткен. Кылмышкер кожоюндун ганачөнтөгүн оодарган. Калгандарына тийген эмес. Балким шашкандыр. Акчаны ганаалган. Колундагы шакегин, саатын алган эмес. Үчөөнө тең бир-эки гана ударданжасалган. Үчөөнүн тең эстери ооп жыгылап калган. Эстерине келгенде кылмышкердинизи да жок болгон. Кылмыш 11-12нин ортосунда жасалган. Телохранителдердинайтымында ыкмаларды мыкты билген үч спортсмен бир учурда кол салгандай. 

Сага кайрылганым да ошол. Спортсмендер менен байланышыңжакшы эмеспи. Өз каналдарың менен сураштырып көрсөң. Эгер кылмышкер табылыпкалса өндүрүп алуу разборун өзүмө койгула дейт жабырлануучу. Күнөкөр табылбасакылмыш дүйнөсүндө тымызын тирешүү башталып "авторитеттердин" бири-бирин аңдышмайы күчөп тономой, өрттөмөй, зордомой көбөйө турган. Жаңы элеар ким өз аймагына ээ болуп тынчып келатышты эле...

- Макул, түшүндүм коллега издөө салып, стукачтардынкулактарын бурайын. Эгер сырттан келген эле "летундар" болбосо шааркичине эмеспи табылып калаар.

Телефонду койду да колдорун көкүрөгүнө кайчылаштырыпкреслого чалкалай ойлонуп олтуруп калды. Көз алдынан өзү билген спортсмендердичууртуп жатты. Аңгыча эшик ачылып эки кызматкери күндөлүк жумуштары менен кирипкелишти. Алар менен сүйлөшүп бүтө электе орто бойлуу толук адам кирип келди.Уруксаатпы деген да жок. Өз төрүнө өткөнсүп түз өтүп келип кол алышып учуруштыда "Жанар" фирмасынын директорумун деди. Эмне мынча нахалданат дептырчый түшкөн Азим "Жанар" дегенди укканда тиге көңүл бура тиктей.

- Олтуруңуз. Сиз жөнүндө уктум. Түндөгү болгон окуя боюнчакелсеңиз керек деди. Тигил директордун оозу ачыла түштү.

- Байланышыңыз укмуш го. Кайдан уктуңуз? 

- Биз шаардагы болгон кылмыштын барып угуп турабыз. Алөзүнчө сөз. Ишке өтөлү деди кичине барктана. 

- Азим мырза кылмыш сенин районуңа тиешеси жок аймакта болсода сага келип отурам. Себеби мага кол салгандар мыкты спортсмендер. Машыкканспортсмендер болбосо, экинчиден өздөрүнө ишенбес мага кол сала алышмак эмес.Сизден суранарым мага кимдер экенин гана тымызын билип берсеңиз. Калганразборду өзүм жасайм. Хоть кайдан келген немелер болсун Россиябы, Өзбекстанбы, Казакстанбы өзүм чечишем. Бул жерде алдырган акчамдан мурда намысым күйүпжатат. 

- Балким спортсмендер эместир. Баса сиздинтелохранителдериңиз кимдер?

- Чынымды айтайын жомоктогудай болду. Өзүм ударды сезгенделе жокмун, кулак түбүмдүн артындагы кежиге тарабым тыс дей түшкөндөй болду даэсиме келсем подьезддин кире беришинде жатыпмын. Телохранителдерим деле жөнбалдар эмес. Бирөөсү уксаң керек "Курбалды" деп коет. Экинчиситүрмөдөн келгенине жарым жыл боло элек "Кобра" деген неме.

Азим унчукпай ойлонуп турду да.

- Макул байке колдон келишинче издөө салайын, - деди ордунанкозголо. Бул сөз бүттү деген белгиси эле.

- Мына беш жүз доллар. Эгер так маалымат таап берсең миңдоллар берем. Кош бол деди да. Азим сөз сүйлөгүчө тигил бүктөлгөн жүздолларлыктарды Азимдин столунун суурмасына салып шартылдай басып чыгып кетти.

Кайрадан креслосуна денесин шалк таштай отурган Азим"Кубалды" менен "Кобра" телохранители болсо бул семизге кимдаап кол салды экен деп ойго чөктү.

Азим өзү да бир учурда республикага аты дүңгүрөгөн спортсменболчу. Шаардагы жалгыз спорт мектебинин бүтүрүүчүсү. Анын спортсмкен экенинтышкы келбети, чымыр дене түзүлүшү, бырышып-тырышып сынган кулактары деле айтыптурат. Органга келгенден кийин спортту таштаганы менен спортсмендерденбайланышын үзө элек. Спортссмендер жасаган кылмыштын дээрлик баардыгы мененкабары бар болуп кимдер аркылуу жасалганын билип турчу. Алардан алып турганөзүнө тиешелүү ставкасы да бар эле. Ашынып тартиптен чыккандардын, өзүмбилемдикке салып өз бет алдынча аракеттенгендерин, же башка чөйрөгө кошулупкылмышка илешкендерин "светит" этпесе ич ара сүйлөшүп өз"кусогун" алгандан кийин унчукпай калуучу. Ал түгүл айрым учурдатымызын аларга кабар жиберип жашынуусуна, качып кетишине жардам берүүчү.Ошентип" соода" эки жактан тең честный жүргөндүктөн спортчөйрөсүндөгүлөр да Азимди сыйлашчу. 

Өзүнүн төрт ишенимдүү кызматкерин чакырды да калган ишиңердижыйыштырып кое туруп бобул ишти беш сааттын ичинде бүтүрүп мага кабар кылгыладеп кимдерге жолугуп эмне жөнүндө сүйлөшүү керектиги тууралуу ар кимисине тактапшырмаларды берип жөнөттү. 

х х х

Мыкы күн сайын эрте туруп Салкын менен иштешкен жеринекелет. Өзүнө күнүмдүк тамака деп гана акча алып келген акчасын Салкынгакаттарып квартирага төлөйүн деп чогултуп жүргөн. Дүйшөмбүдө Салкынды түшкөжакын милицияга чакырып кетишти. Буга чейин эле угушкан "Жанар" фирмасынан товар алып соода жүргүзгөн коммерсанттардын баарын милицияда сураккаалып жатыптыр деп!

Арадан төрт саатча убакыт өткөндөн кийин келди.

- Эже эмнелерди сурады?

- Ушу милициянын өлүкканасын көрөйүн. Спортсмен таанышжигиттериң барбы? Шефиңер жөнүндө кызыгып сурап жүргөндөр бар беле? дегенсуроолорду беришет. 

- Эмне дедиңиз? 

- Эмне демек элем. Спортсмен таанышым жок болсо. Спортсменэмес дене түзүлүшү түзүгүрөөк да таанышым жок десем. Жигит таап берелиби депжалжакташат. Ким менен ишетейсиң дегенинен сени айттым. Эмнесин жашырайын.Эртең саат онго чакырды. Сени да, ме повескеси. Барып кой. Иним деп койдум.Эжем менен чогуу иштеп жан багып жүрөм, - деп кой да барып. Фирмага барганэмесмин ал түгүл атын да билбейм де. Мен ошентип айттым. Билбейм деген бир сөз.

Экөө кечке иштешти. Кечинде Салкындагы чогулган акчасын алсаквартирага төлөгөндөн кийин жүз сом ашчудай чогулуптур. Үйгө жетери менен убадабоюнча абышкага квартира акысын карматты. Эртеси саат ондо милициянын Салкынайткан бөлүмүнө барса повесткасын бир тергөөчү түшүнбөгөнсүп көпкө карап турдуда: 

- Айылдан келгениңе канча болду? - деди.

- Жети айча.

- Кайда турасың? 

- Квартирада. 

- Кимдер менен?

- Өзүм жалгыз.

- Эжекең менен чогуу турбайсыңбы? 

- Жок. Эжекең деп Салкынды айтып жатканын түшүндү. 

Дагы бир сыйра беркинин жүдөө кебетесине көз жүгүрттү да.

- Бар кете бер, - деди.

Кечинде жумуш бүткөндөн кийин Мыкы Салкынга 

- Эже мен эртең келбейм го, - деди.

- Эмне болду. Салкын чоочуп кетти.

- Казарманда бир туугандарыбыз иштейт экен. Ошол жактанбарып жумуш карайын деп жатам. Бул жерде жүрсөм жыргабайм го. Кыш келатат.Үстүмдө киймим жок. Тапканым кварплат менен тамагымдан ашчудай эмес.

- Казарманда эле жумуш даяр турат дейсиңби. Аякта жумушкаорношуш үчүн эле беш миң бериш керек дейт. Балким процентиңди көбөйтөйүн, мен55ин, сен 45ин, товарды көбүрөөк алып кышка чейин иштебейлиби. Салкын чындапМыкыны кетиргиси келген жок. Оор каробкаларды көтөрүү түйшүгүнөн кутулган.Чынчыл, ак ниет. Ашык бир тыйын да алдабайт. Мындай көмөктөштү издеп таппайсың. 

- Эже барып көрөйүн. Болбосо кайра Сизге келейин. СалкынМыкынын бир тууган эжесинен уруксат сурагансып ийбагып турганына ичи жылый, жадырайкарап: 

- Мейлиң Мыкын бактыңды бир сынап көр. Эгер болбосо кайракел. Ордуң даяр. Экөө жылуу коштошушту. 
Квартирасына келгенден кийин эшикти ичинен илип бекитип коюпкроваттын астындагы эски сумкасын сууруп чыгып андагы мындан төрт күн мурда салгандолларларды сууруп чыкты. Оромолду чечип жашыл купюрларды дагы бир жолу санады.Жети миң эки жүз. Учтай кармай ойлуу отурду. Биринчи күндөгү санагандайтолкундануу жок калыптыр. Кадимки керектөөлөрүнө жумшаш үчүн чогултуп жүргөн өзкаражатынча беймарал эмне керек жана эмнеден баштап биринчи сатып алуу керекичинен тизмелей баштады. Бөлүштүрө келсе жети миң долларың көп деле акча эмесэкен. 

Ушул түнү түшүнө Кадыр ата кирди.

- Тоноо, каракчылык кылуу жакшы иш эмес. Сага өнөрдүтоносун, каракчылык кылсын деп үйрөткөн жок элем уулум, - деди.

- Билем атаке (окутуучусун көзүнүн тирүүсүндө эле атакедечү). Бирок сиз мага сөзсүз аткарышың керек деп тапшырып кеткен иштерге жетишүчүн ушул жолго басууга аргасыз болдум. Экинчиден элге бекер гумманитардыкжардам деп келген товарларды саттырып арам жол менен байыган адамды тонодум.Мунумду Сиз кечиресиз го деп ойлодум. 

- Билем уулум. Барыбир тоноо, тартып алуу жакшы иш эмес. Эмисен бул иштин даамын татып калдың. Токтотушуң кыйын. Дайыма өзүңдү актоонуншылтоосун табасың. 

- Жок, Сиз тапшырган ишти аткарууга өзүмө шарт түзгөнүмдөнкийин мындай жорукту токтотом, ата!

- Ишенейин. Калганын турмуш көрсөтөт. Түштөн чоочуп ойгонупкетип чалкасынан жатып алып өткөн түндү жана ал түнгө чейинки даярдыктарынкайра баштан тизмектей эстеп кайсыл жеринен жаңылыштык кетириши мүмкүн. Кайсылжерден милициялар илинчек таап алышы мүмкүн деп ойлонуп жатты.

Бүткүл керектүү маалыматты Салкындан жана анын жолдош кызыГулядан чогултту. Кеминде бир жарым ай даярданды. Атайлап сураштырып чогултканжок. Кыздар өз ара сүйлөшкөндөрүн көңүл бурмамыш болгону менен ар бир сөзүнөнбери эсине тутуп жүрдү. "Шеф жаңы машина алганы жатыптыр" , - дейт.Кейпи "Джип" алат окшойт, - деген каңшаарды угары менен даярдыктычындап баштады. Эки жума бою Шефтин кайсыл маалда үйүнө келет. Телохронителдерикандай абалда ээрчип жүрөт үйрөндү. Эң ыңгайлуусу үйүнүн подьездине кирипбараткан жер экен. Фирманын өзүндө кол салууга такыр мүмкүн эмес. Куралчанмилиция отурат. Анысы аз келгенсип дайыма бештен кем эмес телохронителдериболот. Күн-түн дебей киши өксү болбойт. Дагы бир байкаганы кээде гана үйүнөбаратканда экиден телохранителин ээрчитип үйүнө киргиче коштотпосо көпчүлүгүшофер телохранители менен барып түшүп калып, өзү кирип кетет экен. Демек,коштошкон күндөрү жанында ири суммадагы акча болушу мүмкүн. Үйүнө кирүүнгөмүмкүн эмес. Биринчиден үй-ичинин кандай жайгашканын билбейт. Эшиги брон.Терезелери тор. Бешинчи кабаттан секирүү да коркунучтуу. 

Акыры күткөн күнү да келди. Күн сайын ичинен капкара трикокийип, сыртынан жынсы шым кийип алып мерчемдүү жерге барганда сырткы кийимдеринчечип катып коюп подьездден он кадамча алыс эмес калың бактын ичинде күтчү.Алгач эки күнү Шеф подьездге жалгыз кирип кетип жүрдү. Демек кол салуупайдасыз. Үчүнчү күнү эки жандоочусу менен келди. Болгондо да менмин деген эңишенимдүү жигиттерин ээрчитиптир. Мындай учурду колдон чыгарбаш керек.

Машинадан түшкөндөн кийин астыда Шеф аны он жагынан жандай"Кобра" , үч кадамча артыраак "Кубалды" баратты." Ыш-шы" деген жыландын ышкырыгындай акырын добуш чыкты да"Кубалды" тамтаңдап барып күп кулады. Бул маалда кара көлөкө"Кобранын" жанынан ышкырып өтүп кеткенде "Кобра" бурулаберип кулап түштү. Эч нерсе менен иши жок кетип бараткан Шеф арттагыжигиттеринин кулап калганын да билген жок. Кара көлөкө ага жетип коркунучтууышкырып, тийип өткөндө бет маңдайы менен кулап түшө сактады. Кара көлөкө аныкулатпай кармап калды да кичине колтуктап туруп кырданта жаткырып коюп караңгытүнгө сиңип кетти. Бул окуя кылмышкерлер дүйнөсүн да спортсмендердин арасын дабир ду түшүрдү.Тоноочу дайынсыз жок болду. Кийин "Жанардын" директоруөзү эле Мени тоноп кетти деген шылтоо менен гум.жардамды саткандан түшкөнакчаны жогоружакта отурган табакташтары менен бөлүшкүсү келбей сөз чыгарыптырдеген имиш тарап кетти. Ошентип баары тынчып калды.
Арадан үч ай өтүп иш унут болуп баратканда дагы бир фирматонолду. Кол салуу ыкмасы "Жанардын" жабырлануучулары көрсөткөнгө далкелет. Тоноткондор чыгымды ири суммада деп гана көрсөтүшүп канча экенинжашырышты. Кылмышкер жөнүндө капкара кийинген көздөрү гана ачык, орто бойлуу,арык чырай шайтандан да ылдам кыймылдаган неме тоногон деген гана маалыматтүштү. Бул жолу кылмыш Азим иштеген райондун аймагына туш келди.

Таң аткыча уйку бетин көрбөгөн Азим эртең менен кабинетиндекапкара кофеден кайта-кайта ичип коюп дагы кайдагы "Ниндзясы" чыгакалды деп башы катып отурду.

Фирманын кайтаруучулары эң мыкты деген спортсмендер мененкиши өлтүрүүнү чымын чапкандай да көрбөгөн баш кесерлер экен. Беш кайтаруучуданөткөн. Тытышып кармашуу болбогон. Көлөкө сыяктуу эч дабышсыз пайда болуп, кайраэч дабышсыз жок болгон. Дардайган спортсмендер анын кайдан чыга калганынбайкабай калышкан. Соккунун тийген жерлеринде бармак басымдай кичине гана көгүштактар калган. Дээрлик бардыгы уктап кеткенсип эстери оогон да, бир жарым, экисаатта барып араң ойгонушкан. "Жанарда" да так ушундай болгонунайтышкан. Экспертизанын жыйынтыктары окшош.

Азим кылмыш иши козголгон делону алды да айыпкердин аты-жөнүдеген жерге карандаш менен кличкасы "Көлөкө" деп бадырайтып жазып койду.Мына ушинтип кылмышкерлердин дүйнөсүндө жаңы ысым, жаңы кличка пайда болду. Булкличканы чөнтөгү калыңдар үрөйлөрү уча үрпөйүп кеп кылып жүрүштү. 

Азим иш кызыкчылыгы катары тонолгон фирманын коммерциялыкжүргүзгөн иштерине кызыгып көрдү эле жетекчилери буйтакташып оңдуу маалыматберишпей "Сенин милдетиң кылмышкерлерди табуу. Фирманын коммерциялыкиштерин текшерүү эмес" дешип жолотушпады. Тымызын сураштырса мамлекеттераралык келишим боюнча келген спиртти оптом сатып иштейт экен. Ошондой элегумманитардык жардамга деп келген кумшекер менен унду сатып бүтүп калыптыр.Убактылуу махинация кылуу үчүн түзүлө калган бул фирма имиштин ыплас иштеринбилгенден кийин "Ырас эле тоноптур" деп ичтен табалаганы менен өзүнүншаар боюнча кылмышкерлерди издөөдөгү авторитетине доо кетип ызаланып турду.Бүткүл шаардын аймагында наркомандардан баштап кандай гана топ болбосун өзүнүнстукачтарына кайрылып кичине үмүт кылгыдай да маалымат ала албады. Атайынтүзүлгөн группанын он эки мүчөсү күн-түнү бир жума чуркашып суй жыгылышты. 
Фирма да өз байланыштары аркылуу издөө салууда. Министргечейин чакырылып иштин жүрүшү боюнча суракка алынды. Райначальниги жумушкакелери менен ишти ушул кылмыш тууралуу кабар алуудан баштайт. Киши өлтүрүүлөрда бул иштин астында унутта калчу болду. Тоночу жогорку бийликте отурганкөзүрлөрдүн биринин чөнтөгүнө тийгени айкын билинип турду. Эгер иш боюнча эчнерсе табылбаса келечектеги карьерасына да салакасы тиери байкалып калды.Министрде болгонунда "Сени чоң райондордун бирине начальник кылалы дедикэле. Эгер иш ачылбай калса кызматка көтөрүлүшүңдү ойлонууга туура келет",- деп ачык айтты. Астына чоң максаттарды коюп жүргөн Азим үчүн бул сөз өзөөртөургандай сокку болду. Эсепте жүргөн кылмышкерлердин бир экөөсүн кармап келипишти жармаштыра салууга да мүмкүн эмес. Эртең эле иш жалган түзүлгөнү ачылыпкалчудай. Тонолгон чыгым өтө ири.

Чыгыш күрөштөрүнүн түрлөрү боюнча бир катар адистерге,чеберлерге экспертизанын жыйынтыгы боюнча кайрылып мындай ыкмалар менен кимдермашыктырат, бул чыгыш күрөшүнүн кайсыл түрүнө жатат деп сураштырса баарыийиндерин куушуруп, баштарын чайкашат. Бир гана чебер экспертизадагысүрөттөрдөгү кара тактарды көпкө тигилип карап туруп "Бул адамды бир нечеубакытка уктатып коюу ыкмасын мыкты өздөштүргөн чебер экен. Мындай ыкмада машыктыруучуларТибетте же Кытайда болушу мүмкүн. Бул ыкма менен массалык машыгуу жок. Мындаймашыгуулар өтө сейрек кездешет. Укумдан-тукумга берилүүчү мурас. Чебер ыкманыөз канынан жаралган тукумга гана калтырат. Эгер ылайыктуу адам чыкпаса өзбаштары менен тигил дүйнөгө да ала кетишет. Мына ушундай өтө сейрек кездешүүчүыкмада машыккан чебердин Кыргызстандагы бир экенине ишенбей турам. Өтө таңкалыштуу. Бул миң сырлуу чыгыш күрөшүндөгү ыкмалардын өтө татаалына кирет.Булар манжалардын учтары менен гана иштешет. Адамдын денесиндеги кан тамыртүйүндөрүн, без түйүндөрүн мыкты өздөштүрүшкөндүктөн чыпалагы менен акырынсайып койсо адам уктап калат же өлүп да калышы мүмкүн. Эгер бары мен ойлогондойболсо бул өтө коркунучтуу кылмышкер. Мындай ыкманын чеберине туруштук берүүчүтелохранитель табылбайт. Табылган күндө да куну баштан ашат. Өтө кымбаткаиштейт дегеним. Булардын артыкчылыгы өтө шамдангайлыгында. Кол илинбей келипөздөрү сокку уруп кеткендигинде. Ниндзялар да булардын астында алсыз деп уккам.Мен бул ыкмада машыккандардын тукуму үзүлгөн го деп жүргөм. Азыр да бар экенинеишенбей турам. Булар чыныгы жан алгычтар. Болжолум ушул. Башка эч нерсе айтаалбайм. Муну да экөөбүз жакшы тааныш болгондуктан айттым. Болбосо бизде өзүңбилесиң тилди дайыма тишке кыпчып жүрүш керек. Болбосо тилиңе кошулуп башыңыргып кетиши кыйын деле эмес. Деги эле чыгыш күрөшүнүн чеберлеринин кангасиңген мыйзамында бир чебер экинчи чебердин ыкмалары тууралуу башкаларга кабарбербеши керек", - деди.

Муну уккандан кийин Азимдин башы анык катты. Балким,Кытайдан келген граждандардан бирөөлөр болбосун дейин десе, кийинки фирманытоногондо кыргызча, орусча такылдап сүйлөптүр. Кытайдан келгендер кыргызчабилгенде да, орусча сүйлөй алышпайт. Сүйлөгөндөрү кытай акценти мененсүйлөгөндүктөн сөзсүз билинип калмак. Тигил тескерисинче кыргызча-орусчааралаштырып сүйлөгөн. Ошондой болсо да териштирсем артык баш болбос деп сырттанкелген граждандарды иликтөөгө киришти.

6 страница30 апреля 2026, 00:32

Комментарии

0 / 5000 символов

Форматирование: **жирный**, *курсив*, `код`, списки (- / 1.), ссылки [текст](https://…) и обычные https://… в тексте.

Пока нет комментариев. Будьте первым!